Жыл башынан бери 90 токой мыйзам бузуу фактылары катталды

2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен Каракол, Жети-Ɵгүз, Түп, Каба, Кызыл-Үңкүр, Орток жана Авлетим токой чарбаларынын токой коргоо кызматкерлери тарабынан түзүлгɵн актылардын негизинде, жалпы 89 токой мыйзам бузуу фактылары катталып, мамлекеттик токой фондуна келтирилген жалпы зыяндын өлчөмү 1 млн 134,6 миң сомду түзгөн. Анын ичинен:

– мыйзамсыз токой кыюулар боюнча 72 факты катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 859,7 миң сом жана көлөмү 107 м3 түзгɵн;

– мыйзамсыз аңчылык кылуу боюнча 1 факты катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 200,0 миң сомду түзгɵн;

– жер кыртышын бузуу боюнча 1 факты катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 30,5 миң сомду түзгɵн;

– башка мыйзам бузуулар (ɵрт кырсыгы ж.б.) боюнча 15 факты катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 44,4 миң сомду түзгɵн.

Жогоруда кɵрсɵтүлгɵн 2023-жылдын 1-кварталында аныкталган жалпы 1 млн 134,6 миң сомдук 89 иш материалдын 565,1 миң сомдук 55 иш материалы ɵндүрүлүп, ɵндүрүмдүүлүк 49,8 % түзүп, келтирилген зыяндын калган бɵлүгүн ɵндүрүү иштери укук коргоо органдары менен биргеликте улантылып келет.

Связанный пост