Жыл башынан бери 700дөн ашуун жол кырсыгы катталган

 Жыл башынан бери 700дөн ашуун жол кырсыгы катталган

Жыл башынан бери 713 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ОСАГО полисинин төлөм сертификаттарын тапшыруу учурунда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев билдирди.

Анда орун басар айдоочуларды эрежелерди так сактоого жана унааларды камсыздандырууга чакырып өттү.

“Биринчиден, жарандарды жол эрежелерин сактоого жана унаа башкаруу маданиятын жогорулатууга чакырат элем. Акыркы учурда жолдо түшүп алып, эки-экиден мушташып, бири-бирине жол бербей талашкан көрүнүштөр көбөйүп жатканы байкалууда. Мындан тышкары, жол кырсыктарынын саны да өсүүдө. Экинчиден, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүдө. Жарандарды автоунааларын камсыздандырууга чакырат элем. Учурда Бишкек шаарында унаалардын 60–70 пайызы камсыздандырылды десек болот”, — деди ал.

Саргашкаев ошондой эле жыл башынан бери катталган жол кырсыктарына жана алардын келип чыгуу себептерине токтоло кетти.

Жыл башынан бери шаарда 713 жол кырсыгы катталып, 889 адам жаракат алган. Тилекке каршы, 14 адам каза болгон. Бул кырсыктардын көбү жол эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Анын ичинде ылдамдыкты ашыруу, мас абалында унаа башкаруу жана жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү учурлары бар.

“Мындан тышкары, акыркы убактарда мопеддер менен скутерлер көбөйүп, айдоочуларга тоскоолдук жаратып, кошумча кыйынчылыктарды жаратууда. Жаз мезгили келгендиктен, эми алардын саны дагы көбөйөт. Ошондуктан бул каражаттардын ээлеринен да жол эрежелерин так сактоону суранат элем”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы 44 жаранга 4 млн сомдон ашык каражаттарын тапшырды. Ал эми аталган сертификаттар Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын айып короосунда тапшырылды.

Связанный пост