Жыл башынан бери 60тан ашуун балдар республиканын көлмөлөрүндө чөгүп кеткен
Жайкы эс алуулардын башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча негизги тапшырма Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген.
Жай мезгилинде коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары тарабынан көлмөлөрдө, адамдар көп жүргөн жерлерде патрулдук иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, статистика көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын 6 айында эле 60тан ашуун жашы жете электер республиканын көлмөлөрүндө чөгүп кеткен.
Жашы өспүрүмдөрдүн суу объектилеринде жүрүүсүнүн коопсуздугун сактоого багытталган иш-чаранын алкагында, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көлмөлөрдүн жанында жана өлкөнүн дарыяларынын жээктеринде жайкы эс алуу жайларын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көлмөлөрдөгү коопсуздук чаралары, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо жана өз буюмдарын кароосуз калтырбоо жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүгө , ал эми, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин жана балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертишти.