Жыл башынан бери 430 чакырымга жакын канал оңдолду

 Жыл башынан бери 430 чакырымга жакын канал оңдолду

Жыл башынан бери жалпы узундугу 430 чакырымга жакын канал оңдолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, 302 гидротехникалык курулма, 123 суу өлчөөчү пост, 91 насостук станция жана 156 насостук агрегат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ошондой эле 9 насостук агрегат жаңыларына алмаштырылып, 53,5 чакырым коллектордук-дренаждык система тазаланды.

Белгиленгендей, былтыр 20-21-декабрда өткөн III Элдик курултайда Айыл чарба министрлигине жалпы 652 кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуулардын 50 пайызы ирригация маселесине, 30 пайызы ичүүчү таза суу көйгөйүнө тиешелүү болчу.

Связанный пост