Жыл башынан бери 310 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

 Жыл башынан бери 310 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген пландан ашыгы менен жыйнады. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, бул аралыкта жалпы 310,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

Пландык көрсөткүчтөр 104,3 пайызга ашыгы менен аткарылып, 12,7 млрд сомго көп жыйналды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 73,2 млрд сомго көбөйдү, өсүү ыргагы 130,9 пайызды түздү.

“Биз салык тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Статистикага кайрылсак, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктык түшүүлөр 10 айдын ичинде 243 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66 млрд сомго көп. Өсүү 137 пайызды түздү. Ошондой эле бизге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу да жүктөлгөн. Бул багытта дагы оң динамика байкалууда. 10 ай ичинде 66 млрд сомдон ашык каражат чогултулду, өткөн жылга караганда 6,7 млрд сомго көп”, — деди Рахманов.

Ал кирешелердин өсүшү салык жүгүн көбөйтүү менен эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, процессстерди санариптештирүү жана салыкты ыктыярдуу төлөө деңгээлинин жогорулашы аркылуу камсыз болгондугун баса белгиледи.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, бул жыйынтыктар бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө багытында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасы. Ошондой эле Кыргызстандагы салык тутумунун туруктуу өнүгүп жатканын көрсөткүчү.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост