Жыл башынан бери 1200дөн ашуун этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди

 Жыл башынан бери 1200дөн ашуун этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди

Жыл башынан бери 1200дөн ашуун этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, учурда тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын жашоо шарттын жакшыртуу боюнча максатка ылайык иштер аткарылууда.

“2024-жылдын 1-декабрына карата башка өлкөлөрдөн келген 1210 этникалык кыргызга “кайрылман” макамы ыйгарылды. Ушул жылдын август айында 12 турак жай курулуп бүтүп, 19 үй-бүлөгө берилди. Ошондой эле быйыл Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилип, 755 адамга жардам көрсөтүлдү”, – деди ал.

Связанный пост