Жыл башынан бери өлкөдө тирүүлөй салмакта 98,4 миң тонна эт өндүрүлдү

 Жыл башынан бери өлкөдө тирүүлөй салмакта 98,4 миң тонна эт өндүрүлдү

2025-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 98,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2582 тоннага же 2,7-пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи малдын жана үй канаттуларынын санынын өсүшү менен байланыштуу. Республикадагы мал санактын 2024-жылдын аягына карата жыйынтыгы боюнча маалыматына ылайык, ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 1,5-пайызга, кой жана эчкилердин саны – 1,0-пайызга, жылкылардын саны – 2,0-пайызга жана үй канаттуулардын саны – 10,6-пайызга өсүшү менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү. 2025-жылдын январь-март айларында республика боюнча 291,6  миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 3381 тоннага же 1,2- пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт. Сүт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, эң негизги себеби уйлардын саны 1,8-пайызга жана алардын продуктивдүлүгү 8,1 кг өсүшү (358,8-350,7) менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 162016 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 14144 миң даанага же 9,6-пайызга көбүрөк болгондугун көрсөтөт.

Республика боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында өстүрүлөт, ал жерде отчеттук мезгилде орточо тооктордун тукумдуулугу 66 даана жумуртканы түзүп республиканын орточо көрсөткүчүнөн 25 даана жумурткага көбүрөөк болду.

Связанный пост