Жыл башынан бери өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана пайдаланууга берилди

2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди, – деп айтылат Өнөр жайды кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин ишмердүүлүгү боюнча отчетунда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, август айынын аягына чейин дагы 13 объектини ишке киргизүү пландалууда.

Жалпысынан бул багытта жыл аягына чейин 63 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Анын аркасында 38 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу жана 4 миңден ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Департаменттин отчетун уккан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чийки зат базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле аткаруучулук тартипти күчөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, региондордун инвестициялык потенциалы боюнча аналитикалык сереп даярдоо жана өнөктөштөрдү, инвесторлорду тартуу менен жогорку деңгээлде инвестициялык форум өткөрүү тапшырылды.

Связанный пост