Жыл аягына чейин лизингге 2 миңден ашык айыл чарба техникасы берилет

 Жыл аягына чейин лизингге 2 миңден ашык айыл чарба техникасы берилет

Жыл аягына чейин лизингге 2 миңден ашык айыл чарба техникасы берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, 9 айындын ичинде дыйкандар 5,8 млрд сомго 1800дөн ашык техника алган.

“Министрлик агросектордун техникалык потенциалын жогорулатуу боюнча 2011-жылдан бери лизинг программаларын ишке ашырып келет. 14 жылдын ичинде 9 долбоор ишке ашырылды. Ушул жылдар ичинде 20 млрд сомдон ашык акча каражатына 17 миңден ашык айыл чарба техникасы дыйкандарга берилген.

Акыркы үч жылдын ичинде лизингге берилген техникалардын саны өсүүдө. Былтыр 5,3 млрд сомго 1200 техниканы берсек, быйылкы жылдын 9 айынын ичинде 5,8 млрд сомго 1800дөн ашык техника берилди. Жыл аягына чейин лизингдин көлөмү 7 миллиардга чейин чыгат деп турабыз. Анда 2 миңден ашык техниканы дыйкандарга беребиз. Жылдан-жылга дыйкандардын техникага болгон суроо-талабы өсүүдө. Мындан улам быйыл дагы бир долбоорубуз ишке киргени жатат. Ал Ислам өнүктүрүү банктынын каражаттарынын эсебинен 45 млн долларга лизинг берилет”, – деди ал.

Связанный пост