Жыл аягына чейин Бишкекке 100 автобус алып келүү пландалууда
Жыл аягына чейин Бишкекке 100 автобус алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаментинин коомдук транспортту уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Калыков “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, узундугу 9 метрге чейин жеткен автобустарда бардык шарттар камтылып, кондиционери болот.
Калыков белгилегендей, бүгүнкү күндө борбор калаага административдик-аймактык реформанын негизинде кошулган калктуу конуштарды кошо эсептегенде жалпы 620 автобус керектелет.