Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагалыгынан бошотулду
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына ушул жылдын 19-февралында дайындалган.