ЖОЖдордо “Баатыр энелердин” 569 баласы билим алат
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин 569 баласы билим алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов билдирди.
Өз кезегинде, депутат Токтобүбү Ашымбаева анын кайрылуусунан кийин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги мындай студенттер үчүн 500 гранттык орун бөлүп бергенин белгиледи.
Ошондой эле ал гранттык орундардын санын этап-этабы менен көбөйтүүгө чакырды.