Жосеф Аун Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Жосеф Аун Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Ливан Республикасынын Президенти Жосеф Аун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Сизге бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм. Ал эми Кыргыз Республикасына жана достук мамиледеги кыргыз элине Сиздин даанышман жетекчиликиңиздин астында өнүгүп-өсүүнү каалайм.
Бул майрам биримдик менен кызматташуунун терең маанисин туюндурат жана эки элибиздин ортосундагы достук байланыштарды жаңылап, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн биргелешкен аракеттерди чыңдоого мүмкүнчүлүк берет деп терең ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост