Жол кырсыктарын азайтууда эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселеси талкууланды

Күн мурун, 18-августта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Борбор Азиядагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Андрей Селезневдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында заманбап технологиялар менен эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселеси каралды.
Тараптар келечекте учкучсуз учуучу аппараттарды пайдаланууну, азыр колдонулуп жаткан АПК, туруктуу камералар жана авто ураган системасы менен да оор кесепет менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алса болорун айтышты.
Ошондой эле жабдуулар жол кыймылынын эрежелерин бузууну азайтууга жана жолдо жүрүүчүлөрдүн укук аң-сезимин жогорулатууга натыйжалуу салым кошорун белгилешти.