Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти
Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.
Ант бергендер:
— Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;
– Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков;
– Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров;
– Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;
– Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.
Андан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, “Ырыс алды – ынтымак” деген элибиздин накыл кебин туу тутуп келерибизди жана Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда бара жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров кыргызстандыктар мамлекеттин ички-тышкы саясатында бир топ илгери жылыштар болуп жатканына жалпы эл күбө экенин белгиледи.
Чек ара маселелери толук жөнгө салынып, өз ара пайдалуу негизде чечилип калды. Коңшуларыбыз менен достукта жана ынтымакта жашоонун пайдубалы андан-ары бекемделүүдө.
Россия, Кытай, Европа мамлекеттери, Түркия, Корея, Япония сындуу өлкөлөр менен алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз ара кызматташуу чыңдалууда.
Президент мамлекетибиздин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр, экономикалык өсүштөр, айрыкча, улам четинен ачылып жаткан социалдык-экономикалык обьектилер, бир катар тармактарды реформалоого жасалган аракеттер жалпы мекендештерди кубантып жатканын белгилеп кетти.
«Албетте, мунун баары аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин кыска аралыктын ичинде көп күч үрөп, илгерки парламенттердей болуп жеке кызыкчылыктар үчүн соодалашпай, ынтымакта эриш-аркак иштешинин натыйжасы деп айтууга толук негиз бар. Аткаруу бийлиги тарабынан демилгеленген мамлекеттик маанилүү маселелерди кечиктирбей колдоп берип келе жатасыздар», – деди Садыр Жапаров жана парламентте илгерки көндүм адатын кылып, министрликтер тараптан жеке кызыкчылыктар чечилбей калганы үчүн кандай гана маселе болбосун каршы добуш берген 5-6 депутат бар экенин кошумчалады.
Мамлекет башчысы буга көңүл бурбай эле коюуга чакырды. Анткени депутаттардын басымдуу бөлүгү мамлекет үчүн пайдалуу жана келечектүү маселелерди колдоп келе жатышат. Бул чечүүчү мааниге ээ.
«Жыйынтыгында көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып, жалпы журтубуз менен бирге эл аралык коомчулук дагы алгылыктуу иштерибизди белгилеп келишүүдө. Менин күнү-түнү тынбай, Министрлер Кабинетинин алдына койгон талаптарымды, тапшырмаларымды министрлер, жалпы команда так жана ыкчам аткарууга болгон иш-аракеттеринин жыйынтыгында бүгүнкү жетишкендиктерге жетип отурабыз. Ачыгын айтып коюш керек, бул жерде Министрлер Кабинетинин мурдагы Төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар», – деп белгиледи Президент.
Президент анын кызматтан кетишин ашыкча эле саясатташтыруунун кажети жок деп белгилеп, тилекке каршы, өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салганын ырастады.
«Маселен, акциз маркаларына, товардык-транспорттук накладнойлорго байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди учурунда токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум. Акылбек Жапаровдун бул ишке канчалык тиешеси бар экенин тергөө аныктайт», – деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы коом турмушу саат жебесиндей токтобой кете берерин, андыктан, өз ишибизди токтотпой улантуу кажеттигин белгиледи. Ал, айрыкча, Өкмөттүн өлкө турмушун жөнгө салуу, өнүктүрүү жаатындагы ишмердиги бир мүнөт дагы токтоп калбашы керек деп белгилеп өттү.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө элге ак ниет кызмат кылуунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүн жоюуга, аларды түп тамырынан бери жок кылууга чакырды. Ал министрлер таза, чын жүрөктөн жана натыйжалуу иштеши керектигин, эгер кимде-ким өз милдетин таза, адилет аткара албасын түшүнсө, эртелеп эле кызматтан кеткени оң экенин баса көрсөттү.