Жогорку Кеңештин төрагасы Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

 Жогорку Кеңештин төрагасы Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу боюнча да ой бөлүштү.

Алгач Нурланбек Тургунбек уулу Лю Цзянпинди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элди коңшулук алакалар эле эмес, миңдеген жылдарды камтыган тарыхый байланыштар бириктирип турат. Андыктан, тажрыйбалуу элчи катары калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө, мамлекеттер аралык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга салым кошосуз деген терең ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын эске салган Төрага: “Алардын натыйжасында узак жылдардан бери ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, ири долбоор ишке ашканы турат. Кылым курулушу аталган бул темир жолдун салынышы аталган үч өлкө үчүн эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн пайдалуу болору анык”, – деп кошумчалады.

Жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага: “Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Жакын коңшу жана стратегиялык өнөктөш өлкө катары калыптанган алакаларды дагы өнүктүрүп, жетишилген келишимдерди мындан ары да ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз. Албетте мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Алсак, өткөн жылдын сентябрь айында Бээжинге расмий сапар менен барып, аталган багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик”, – деди.

Ал эми элчи Лю Цзянпин Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай маалымат берип: “Кытай Эл Республикасы, анын ичинен өлкө жетекчилери Кыргызстан менен кызматташыкка өзгөчө маани берет. Элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында калыптанган достук алакаларды үзгүлтүксүз улантууга даярмын. Мамлекеттерибиз ортосунда көптөгөн макулдашуулар жана келишимдер бар. Алардын бардыгын ийгиликтүү ишке ашыруубуз кажет”, – деди.

Мындан сырткары, элчи да мамлекеттер аралык мамилелерде парламенттин  ролу чоң экенине токтолуп, эл аралык аянтчаларда да кызматташтыкты өнүктүрүү менен кыргыз-кытай достугун даңазалоо керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Лю Цзянпин жыл башында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.

Связанный пост