Жогорку Кеңештин төрагасы делегаттарды орчундуу маселелерди көтөрүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар IV Элдик Курултайдын алгачкы күнкү жыйынына катышты.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган Элдик Курултайга аймактардан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан шайланган 700дөй делегат чакырылган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага жаңы шайланган Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы тууралуу учкай кеп кылып, элдин элегинен өтүп келген эл өкүлдөрү мамлекетибиздин өнүгүшүн мыйзамдык жактан колдоону башкы максат катары койгонун баса белгиледи.

“Тилекке каршы парламент конструктивдүү ойлордун, маанилүү пикирлердин жана керектүү идеялардын ордосу эмес, саясий кызыкчылыктардын жана оюндардын чордону катары таанылып, өлкөдөгү оор кырдаалдарга себепкер болгон учурлары да катталганын жашыра албайбыз. Бирок соңку беш жыл аралыгында мамлекетибиздеги жасалып жаткан жакшы иштерде Жогорку Кеңештин салымы өтө чоң. Парламент мамлекетибиздин алдыга жылышына зарыл болгон мыйзам долбоорлорун токтоосуз кабыл алып, аткаруу бийлиги менен эрегишпей, эриш-аркак иш алып бардык. Мындан ары да Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын татыктуу улантып, тараза ташындай тең салмактуулукту сактоо менен иш алып барат. Керектүү учурда конструктивдүү сындар айтылып, жогорку трибунадан депутаттар тарабынан элдин үнү сөзсүз угулуп турат”, – деди Төрага.

Ошондой эле VIII чакырылыш ишин олуттуу мыйзамдарды кароо менен баштаганын, кечээ эле 2026-жылга тиешелүү республикалык бюджеттин долбоору бекитилгенин эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: “Аталган долбоор мамлекетибиздин кийинки жылга карата каржылык туруктуулугун тастыктаган башкы документ болуп эсептелет. Депутаттар мыйзамды кабыл алуу менен катар анын аткарылышын дагы тыкыр көзөмөлдөйбүз. Бул үчүн бизде ыйгарым укуктарыбыз толук жетиштүү”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, коомдогу айрым көйгөйлөргө да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Мурда жеген тамагыбыз, кийген кийимибизден баштап, колдонгон буюмубузга чейин ден соолукка зыян деп коңгуроо кагып келсек, эми руханий көрөңгөбүзгө, билимибизге, табитибизге да жасалмалуулукту киргизип алдык. Адам акылын алмаштырууга багытталган жасалма интеллект түшүнүгү кыска убакытта эле жашообузга кирип, турмушубуздун негизги күчүнө айланды. Билим берүү бардык өнүгүүнүн башаты дегенибиз менен мектептерде, университеттерде келечек ээлерибиз жасалма интеллекттин жардамы менен тапшырма аткарып, жөнөкөй дилбаянды да жасалма интеллектсиз жаза албаган муун өсүп келе жатат. Бул чоң коркунуч. Бардыгын эле жасалма интеллектке жүктөй берсек, балдарыбыздын билими эмне болот? Андыктан, аталган багытта жаңы мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек”, – деди.

Муну менен катар Атай Огонбаевдин, Мыскал Өмүрканованын, Токтогул Сатылгановдун ырлары да акылдуу интеллект менен жасалып жатканын мисал кылган Төрага: “Ырдалып жаткан ыр жандуу үнбү же жасалма интеллектпи айырмалай албай, коомдун башы айланып калды. Ал тургай жасалма интеллекттин жардамы менен өлгөн адамды да каалагандай сүйлөтүп жатышат. Андыктан, бул жаатта атайын комплекстүү иштер керек. Жасалма интеллекттен качып кете албайбыз. Ааламдашкан доордо анын баары бир жылда эмес, бир күндө жашообузга кирип аларын турмуш өзү көрсөтүүдө. Эми биз тез арада технологиянын өнүккөн ыкмаларын жакшы жакка колдонуу багытында иш алып барышыбыз кажет”, – деди.

Муну менен катар Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Курултайда утурумдук көйгөйлөр эмес, келечекке керектүү маселелер талкууланышы керектигин белгилеп, делегаттарды мамлекеттин багытын, келечегин аныктай турган маанилүү демилгелерди көтөрүүгө чакырды.

Связанный пост