Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат

 Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат

Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алынган.

№13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого
589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.

Шайлоого жалпы 460 талапкер катышкан, алардын 271 – эркек, 189 – аял талапкер, майыптыгы бар – 16 талапкер.

БШК VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик квота сакталды деп белгиледи.

Связанный пост