Жогорку Кеңештин имаратын реконструкциялоо иштери жыйынтыкталууда

Bishkek, Kyrgyzstan – September 7, 2013: Parliament Building of the republic of Kyrgyzstan.
Жогорку Кеңештин имаратын реконструкциялоо иштери жыйынтыктоо стадиясында. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен мамлекеттик маанидеги имараттарды жаңылоо боюнча кеңири масштабдагы иштер жүргүзүлүп жатат.
“Бул аракеттердин алкагында тарыхый баалуулугу жогору болгон мурдагы “эски Ак үйдө” (азыркы Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта) капиталдык оңдоо иштери аткарылды.
Бүгүн реконструкциядан кийинки абалы менен жеринен таанышып чыктым. Учурда иштер соңуна чыгып калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Бул имарат мезгил талабына жараша жаңыланып, бирок тарыхый өңүн сактоо менен улуттук мурастын уландысы катары келечек муундарга кызмат кылууга багыт алды”, – деп жазды ал.