Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз карандысыздыгына кийлигишүү болуп саналбайт

 Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз карандысыздыгына кийлигишүү болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз карандысыздыгына кийлигишүү болуп саналбайт. Бул тууралуу КРнын Конституциялык соту маалымдады.

Жогорку Кеңеш кабыл алынып жаткан мыйзамдардын мазмунуна толуктоолорду өз ыктыяры менен киргизүүнү ажыратылгыс укугу катары пайдаланып “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга Жогорку Кеңештин депутатына карата Башкы прокурор тарабынан кылмыш иши Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана козголушу мүмкүн деген жобону киргизип, Конституцияда белгиленген депутаттын укуктук иммунитетинин чектерин кеңейтип салган.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен депутатты жазык жоопкерчилигине тартууну караштырган Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгүнүн маңызы, депутаттын укуктук иммунитети кылмыш ишин козгоо стадиясынан эмес, аны айыпталуучунун абалына келтирүүнүн алдында, тактап айтканда аны кылмыш жасагандыгы тууралуу айыпты угузуу менен башталат. Ушул гана учурдан тартып конкреттүү депутатка каршы жеке таасир этүү жазык-процесстик чаралар (бөгөт коюу чараларын тандоо ж.б.) колдонулушу мүмкүн.

Дал ошондуктан Конституция Жогорку Кеңештин депутатынын укуктук иммунитетинин иштеп баштоо учурун ал айыпталуучу катары тартылган стадиядан башталат деп аныктаган. Белгиленген конституциялык ченемди жаңы мазмун менен толтурууга жана анын колдонуу чектерин кеңейтүүгө болбойт.

Албетте, депутаттык кол тийбестик депутаттын көз карандысыздыгын, демократияны жана парламентаризмди коргогон, мамлекеттин коомдук-саясий турмушунун конкреттүү муктаждыктарына жооп берген укуктук баалуулук болсо да, абсолюттук мүнөзгө ээ болушу мүмкүн эмес.

Эмне үчүн кылмыш ишин козгоо стадиясы жазык өндүрүшүн токтотууга же ага тоскоолдук кылууга алып келген өзгөчө жол-жоболорго дуушар болбошу керек?

Ар бир кылмышты териштирүү ар бир мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ жана мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин, ар бир инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан коргоонун негизинде жатат. Ал ошондой эле потенциалдуу кылмышкерлер өз аракеттеринин кесепеттерин аңдап билип, өздөрүнүн ниетинен баш тартууга алып келүүчү алдын ала эскерткен касиетке ээ.

Кылмыш ишин козгоо аркылуу укук тартип органдарынын ар бир кылмышка карата чара көрүү боюнча механизми гана ишке киргизилет жана бул Жогорку Кеңештин депутатын түздөн-түз жазык жоопкерчилигине тартылат дегенди билдирбейт.

Баарынан мурда, бул кылмыш фактысынын өзүн аныктоону, алгачкы тергөө аракеттерин жүргүзүүнү жана күнөөлүү адамдардын жазасыз калбашын камсыз кылуу үчүн далилдерди бекитүүнү коздойт.

Жоопкерчиликтен кутулбоо принциби, эч нерсеге карабастан, ар бир кылмыш аныкталууга (табылууга) жана милдеттүү түрдө териштирүлүүгө жатат дегенди билдирет.

Күнөөлүүлөрдү өз убагында жана сөзсүз жазалоо жарандардын аң-сезиминде учурдагы укук тартибинин бузулбастыгы жөнүндө түшүнүктү калыптандырат, адилеттүүлүккө жана мамлекеттик бийликтин кубаттуулугуна ишенимди арттырат жана алардын өмүрү, саламаттыгы жана мүлкү корголот деген ишенимди бекемдейт.

Кылмыш ишин өз убагында козгоо гана мамлекеттин жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү конституциялык максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө өбөлгө түзөт. Укуктук иммунитет, анын ээсине карабастан, кылмыш ишин өз убагында козгоого жана кылмыштарды ачуу боюнча механизмдин туура иштешине тоскоол болбоого тийиш.

Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана депутатка карата кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин Регламентинин ченеми парламенттик кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт, жеке артыкчылыктын жана жазасыз калуунун элементтеринин пайда болушу үчүн өбөлгөлөрдү жаратат, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принциптин чегинен чыгууга жол берген көлөмдөн ашып кеткен.

Связанный пост