Жогорку Кеңештин делегациясы иш сапары менен Түркияга кетти
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 21-ноябрда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен кетти.
Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов жана Эльдар Сулайманов бар.