Жогорку Кеңеште үч эм жана андан көп төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүү сунушталды
Бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Аталган демилге Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан көтөрүлдү.
Жыйында баяндама жасаган депутат Максатбек Сарбагышев Кыргыз Республикасында акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны жүз элүү бир болсо, 5 үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөнүн белгилеп: “Андыктан сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеп жатабыз”, – деди.
Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева өткөн жумада Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушуна барып, жакында эле төрөлгөн төрт эмден кабар алып келгенин эске салды.
“Тилекке каршы, жашоо шарттары начар. Андыктан, мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдары да жардам бериши шарт”, – деди эл өкүлү.
Талкуу маалында жыйынга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү да сунушту колдоп, комитет тарабынан токтом долбоору кабыл алынды.