Жогорку Кеңешитин Төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 Жогорку Кеңешитин Төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөдөгү өзгөрүүлөр менен жаңылануулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда эмгектенген адистердин аткарган ишине көз каранды. Анткени, жогорку адискөйлүк, ак ниеттүүлүк жана эмгекчилдик гана башкаруунун натыйжалуу уюштурулушуна өбөлгө түзүп, ири реформалардын ишке ашуусуна көмөкчү болот. Айрыкча азыркы учур мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге зор жоопкерчилик жүктөп, эл үчүн таза иштөөнү талап кылууда. Андыктан, ар бириңиздер ээлеген кызматыңарды берилгендик менен аркалап, мамлекетибизди өнүктүрүүгө салым кошосуңар деген ишеничтемин.

Кымбаттуу мекендештер!

Баш мыйзамыбызда Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналары так белгиленген. Ага ылайык, элдин кызыкчылыгын коргоп, калктын келечеги, журттун бүтүндүгү үчүн кызмат кылуу башкы максат экенин унутпайлы.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, талыкпаган эмгек менен гана алдыга жылаарыбыз анык. Себеби мамлекетибизди четтен бирөө келип өнүктүрбөйт, өзүбүз гана бекемдеп, өзүбүз гана гүлдөтө алабыз.

Ардактуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери!

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган аракетиңиздерди жигердүү уланта беришиңиздерге тилектешмин! Анткени стратегиялык пландарды, ири долбоорлорду жана реформалык программаларды ийгиликтүү ишке ашыруу милдети алдыбызда турат.

Связанный пост