Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлорун каралып, Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду.
Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышып, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Талкуу маалында депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунун Кадамжай районундагы бир катар айылдарды газдаштыруу маселесин көтөрүп, аймакты суу менен камсыздоону, өзгөчө Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү «Ак-Суу» БДРинин жана Бүргөндү каналынын курулушун тездетүүнү өтүндү.
Депутат Сеидбек Атамбаев Чүй облусунун Күн-Туу жана Шалта айылдарына маршруттук каттам ачып, жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Депутат Бекмурза Эргешов көмүскө экономика каршы күрөштүн жыйынтыгында күтүлүп жаткан кошумча кирешенин көлөмүнө кызыгып, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу маселесин ортого салды.
Депутат Советбек уулу Рустамбек Ноокат районундагы жер тилкелеринин жетишсиздигин билдирип, жерлерди трансформациялоо процессин тездетүүнү суранды. Эл өкүлү ошондой эле аталган аймакка мамлекеттик турак жай программасынын алкагындагы ипотекалык үйлөрдү курууну да сунуштады.
Депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районунда жайгашкан мурдагы наркологиялык диспансердин аймагына жаңы оорукана куруу маселесин кароого чакырды. Депутат Гуля Кожокулова борбор калаанын башкы планын иштеп чыгуу маселесин көтөрүп, аймактарда ипотекалык насыяларды берүүнү өнүктүрүү керектигин белгиледи.
Депутат Жанарбек Акаев 2026-жылдын бюджетине Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш – Иркештам жолун реконструкциялоого каражат киргизүүнү сунуштады. Муну менен катар ал инфляция шартында социалдык жөлөкпулдарды эсептөө жана берүү тартибин кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.
Депутат Бактыяр Калпаев Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көңүл буруп, Кадамжай, Айдаркен, Кызыл-Кыя жана Раззаков шаарларында көп кабаттуу турак жайларды курууну сунуштады.
Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районунун бир катар айылдарындагы бала бакча жана мектеп жетишсиздиги көйгөйүн ортого салды.
Депутат Алтынбек Кылычбаев мугалимдер жана медицина кызматкерлери үчүн жеңилдетилген ипотека механизмин иштеп чыгууну сунуштап, учурда бул категориядагы кызматкерлер жалпы кезек менен сатып алып жатышканын билдирди.
Депутат Азамат Исираилов кийинки жылга карата капиталдык салымдар тизмесине Ош шаарындагы Нышанов орто мектебинин кошумча корпусун жана Араван районундагы оорукана курулушун киргизүүнү өтүнүп, аймактын ирригациялык тутумун өнүктүрүү керектигин белгиледи.
Депутат Нилуфар Алимжанова Нилуфар Алимжанова республика боюнча реабилитациялык борборлорду куруу боюнча Министрлер кабинетинин пландарына кызыкты. Адылбек Касымалиев келерки жылы Ош жана Каракол шаарларында мындай объекттерди куруу мерчемделип жатканын маалымдады.
Ал эми депутат Илимбек Кубанычбеков билим берүү кызматтарын каржылоого ваучердик механизмдин моделин киргизүүнү жана Кара-Суу шаарын өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат бөлүү өтүнүчүн билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жактырылды.