Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасын, анын биринчи орун басарын, Экономика жана коммерция министрин дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевди, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына Данияр Амангельдиев жана экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер тууралуу маалымат берди.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев салык саясаты жаатындагы өзгөрүүлөргө, Бишкек шаарындагы унаа тыгындарын жоюуга көңүл бурду. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков укук коргоо органдарынын маяналарын жана пенсияларын жогорулатуу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына талапкердин пикирин сурады. Адылбек Касымалиев Финансы министри менен бул багытта сүйлөшүүлөр болуп жатат деди. Депутат Жанарбек Акаев салык системасындагы коррупциялык иштерге көңүл буруп, ЕАЭБдин аймагында орун алган тоскоолдуктар боюнча маселеге кайрылды. Ал эми депутат Алишер Козуев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү маселесин белгиледи. Адылбек Касымалиев бул маселе соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирди.
Эл өкүлү Чингиз Айдарбеков министрлер кабинетинен жарандардын ипотекалык турак жай алуу кезегин териштирүүнү талап кылды. “МИК өзүнүн артыкчылыктуу тизмесин түзүп, кезектүүлүгү өзгөртүлгөнүн билдириптир. Мисалы, биринчи болуп келген аял мурда 2848-орунда болгон. Чара көргүлө, болбосо кийин укук коргоо органдары териштирип, биз комиссия түзүшүбүз керек”, – деди Айдарбеков. Депутат Айбек Маткеримов медицина кызматкерлеринин маяналарын көтөрүү, депозит аркылуу дарыгерлердин кошумча акчаларын өз убагында берүү, кадр тартыштыгын жоюу маселелерин белгиледи. Депутат Динара Ашимова Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына талапкер Адылбек Касымалиевди иш-пландарын, 12 жылдык билим берүү тууралуу пикирин сурады. Депутат Бекмурза Эргешов учурда 30%гана балдар бала бакчага тартылганын белгилеп, алардын санын көбөйтүү маселесине көңүл бурду. Депутат Нилуфар Алимжанова социалдык мекемелерде эмгектенген техникалык кызматкерлердин маянасын жогорулатуу, баалардын өсүү деңгээлин көзөмөлдөө маселелерин белгиледи. Депутат Камила Талиева министрлер кабинетине аялдарды кызматка тартуу, билим берүү жана социалдык тармактардагы кемчиликтерди жоюу жагдайларына токтолду. Мектептерди оптимизациялоо маселесине токтолгон депутат Айбек Алтынбеков Министрлер кабинетинин бул токтомун кайра карап чыгууга чакырды. Депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы айрым айылдарга чек ара статусун берүү, ал эми депутат Арсланбек Малиев Жети-Өгүз районунун кээ бир айылдарын алыскы аймак категориясына киргизүү сунуштарын айтты.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш аталган талапкерлерди дайындоого макулдук берип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.