Жогорку Кеңеш менен БУУ биргелешкен долбоорлорду күчөтөт

 Жогорку Кеңеш менен БУУ биргелешкен долбоорлорду күчөтөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар туруктуу өнүгүү, экология жана тоолуу аймактарды коргоо багытындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Төрага Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда эл аралык рейтингде 45-орунга көтөрүлгөнүн сыймыктануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Антье Граве өлкөнүн бул багыттагы аракеттерине жогору баа берип, Кыргызстанды бул тармактагы “чемпион” өлкө деп атады.

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин коюп жатканы айтылды.

Жашыл технологияларды ишке киргизүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде илгерилетүү жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча БУУ менен тыгыз иштешүүгө даяр.

Соңунда Антье Граве Марлен Маматалиевди төрага болуп шайланышы менен куттуктап, БУУ Кыргызстандын парламенти менен өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Связанный пост