ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

 ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кеңештин кезектеги жыйынын Бишкек шаарында өткөрөт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Иш-чара 2025-жылдын 26-27-ноябрында Бишкек шаарында өтөт жана ЖККУдагы Кыргызстандын Төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болот.

Жыйынга Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда.

2026-жылы ЖККУдагы Төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт, бул Уюмдун алкагындагы биргелешкен демилгелердин үзгүлтүксүздүгүн жана мындан аркы өнүгүшүн камсыз кылат”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Связанный пост