ЖКККББнын жетекчиси ардагерлер менен жолугушту

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун камсыздоо тармагында үзүрлүү кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер менен жолугушуп, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин укту. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ардагерлер төмөнкү багыттагы сунуштарды карап көрүүнү өтүндү.

Жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн, атайын ардагерлер бөлмөсүн бөлүп берүүнү. Милиция кызматкерлери менен ардагерлер ортосундагы ажырымды бекемдеп, жаш кызматкерлерге тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчыларды колго алууну. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте, жол кыймылын кординациялоо, көзөмөлдөө жана талдоо багытында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон ишмердүүлүктү жогорулатуу. Кызматкерлер арасындагы тартип жана мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуп үйрөтүү иштерин жүргүзүүнү. Жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү жана агартуу иштерди жүргүзүү менен, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка байма-бай жеткирүү өңдүү жана башка бир топ багыттагы сунуштарын айтышты.

Жолугушуунун соңунда Жеңишбек Жоробеков ардагерлердин ЖКККББнын кызматкерлери менен жолугушуусу кызматкерлер үчүн канчалык деңгээлде зарыл экендигин айтып, айтылган акыл-насаат, кеп-кеңештер кызматкерлер үчүн чоң таалим-тарбия болоорун белгилеп, баардык ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.

Связанный пост