ЖКККББнын Атайын ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Туристтик мезгил учурунда, Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна каттаган Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда каттаган туристтердин коопсуздугун толук кандуу камсыздоо үчүн, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Дем алыш күндөрү шаардан Ысык-Колгө бара жаткан унаалардын агымы көп болгондуктан, Атайын ротанын кызматкерлерине жетекчилик тарабынан ичип алып унаа башкаргандарды, ылдамдыкты ашырып айдагандарды жана одоно эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чараларды көрүү менен коопсуздук багытында кызматты күчөтүү тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле Атайын ротанын кызматкерлери чет өлкөдөн келген туристтерге башкы ЖКККББ тарабынан даярдалган эскертме буклеттерди таратышууда.

Связанный пост