ЖКККББ жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдары бар жарандарды белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө чакырат

 ЖКККББ жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдары бар жарандарды белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө чакырат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдары бар жарандарды белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө чакырат.

Учурда айып пул салынган күндөн тартып бир айдын ичинде төлөгөн айдоочуларга 70 пайыздык арзандатуу каралган. Башкармалык бул мүмкүнчүлүктү колдонуу айдоочулар үчүн каражатты үнөмдөөгө көмөк болорун белгилейт.

Ошондой эле айдоочулар өздөрүнүн айып пулдарын “Төлөм” мобилдик тиркемеси аркылуу да текшерип, онлайн түрдө төлөй алышат.

Башкармалык унаанын же жарандын атына катталган төлөнбөгөн айып пулдардын суммасы 3 000 сомдон ашкан учурда, унаа айып короо жайына токтотуларын эскертет.

Связанный пост