ЖКККББ: Туристтик мезгил учурунда көзөмөл күчөтүлөт

 ЖКККББ: Туристтик мезгил учурунда көзөмөл күчөтүлөт

Туристтик мезгил учурунда көзөмөл күчөтүлөт. Ысык-Көл облусуна Бишкектен 34 кызматкер жөнөп кетти. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагына Бишкек шаарынан милициянын кайгуул кызматынан 34 кызматкер, 14 экипаж иш-сапары менен жөнөп кетишти.

Мындан ары да Ысык-Көл облусуна чет өлкөдөн келген туристтердин келүүсүнүн санына жараша этап-этабы менен кошумча күч иретинде башка аймактардан Ысык-Көл облусуна тартылат.

Связанный пост