ЖКККББ: Төрт күн ичинде терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга 3,5 млн сом айып салынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү 2025-жылдын 3-февралынан тартып, 7-февралга чейин өлкө аймагында “Караңгылаткан айнек” аталышында рейддик иш-чарасын өткөрүп, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 177 айдоочуну аныктап, жалпы 3 млн 540 миң сомго айып салышты.
Алардын ичинен:
-Бишкек шаарынан 98 айдоочу;
-Ош шаарынан 28 айдоочу;
-Ош облусунан 6 айдоочу;
-Чүй облусунан 6 айдоочу;
-Жалал-Абад облусунан 14 айдоочу;
-Баткен облусунан 6 айдоочу;
-Ысык-Көл облусунан 12 айдоочу;
-Нарын жана Талас облустарында 7 айдоочу.