ЖКККББ: Мектептердин айланасында жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулду

Мектептердин айланасында жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү орто мектептер жайганкан көчө-жолдорго жеринен кароо иштерин жүргүзүп, аныкталган кемчиликтердин баарын окуу жылынын башталышына карата орундатты.

Тагыраагы өлкөнүн баардык мектептердин айланасына керектелген 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө”  жана жөө өткөөл жол  белгилери орнотулуп, жөө өткөөлдөр үчүн жол чийиндери чийилип, мектеп окуучуларынын жол коопсуздугуна тийиштүү чаралар көрүлдү.

Мындан сырткары 2-сентябрь окуу жылынын башталыш күнүнүндөгү ачылыш аземи учурларында ЖКККББнын кызматкерлери мектептерге бекитилип, күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышат.

Связанный пост