ЖКККББ: Маршруттук унаалардын айдоочуларынын 70% жол эрежелерин билишпейт
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын айдоочуларынан жол эрежелерин канчалык деңгээлде билүүлөрүн сурамжылоого алууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда, айдоочулардан жолдо жүрүүдө күн сайын кездешкен жол эрежелеринин белгилерин, кайсыл жылдары айдоочулук күбөлүктөрдү алгандыгын, ким окуткандыгын жана кайсыл авто мектептен окугандыктарын сурамжылоого алганда, айдоочулардын көпчүлүгү жөнөкөй жана күн сайын көрүп жүргөн жол эрежелерин билбегендиктери аныкталган.
Сурамжылоо Бишкек, Чүй, Ош шаары жана облустарында жүргүзүлүп, айдоочулардын дээрлик 70 пайызы жол эрежелерин толук билбегендиктери аныкталууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай профилактикалык жана текшерүү иш-чараларын күн сайын улантат.