ЖКККББ: Кызматкерлер мектептердин айланасында иш алып барууда

 ЖКККББ: Кызматкерлер мектептердин айланасында иш алып барууда

Бүгүн окуу жылынын башталышы болгондуктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Республиканын аймагындагы жалпы орто мектептерге  бекитилип, мектептин айланасында жол кыймылын жөнгө салууда.

Айрыкча мектептерге жакын жайгашкан көчөлөрдө, жол чырактардын астыларында жана жөө өтмөктөрдө окуучулардын коопсуздугу үчүн,  тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошондой эле, бүгүн мектептердин айланасында авто унаалардын саны көп болгондуктан, жол тыгындарын болтурбоо үчүн, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салып, туура эмес токтотулган авто унааларды алдырууда.

Мектептердеги иш-чаралардын соңунда, алгачкы класстардын окуучуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери  жол эрежелерин эскертип, атайын анимациялык видео тасмаларды көрсөтүшүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери алгачкы класстын окуучуларынын ата-энелеринен  окуучулар мектепке чейинки жолду, аралыкты толук жаттап билгенге чейин, өздөрү коштоп алып келип, алып кетип турууну өтүнөт.

Связанный пост