Бишкекте кан басымы жогору болгон 5 автобус айдоочусу каттамдан четтетилди

 Бишкекте кан басымы жогору болгон 5 автобус айдоочусу каттамдан четтетилди

Кан басымы жогору болгон 5 айдоочу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды жана коомдук транспорттордун айдоочуларын текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин механигинин жетекчисине 35 миң сом айып салынды.

Ошондой эле айдоочуларды каттамга чыгуу учурунда наркология бөлүмүнөн текшертүү учурунда 5 айдоочунун кан басымы жогору 170, 180, 204 болгондуктан, убактылуу аларды коопсуздук үчүн каттамга чыгуудан четтетишти.

Связанный пост