ЖКККББ: Былтыр 960 миңге чукул жол эрежесин бузуу фактылары катталган

Былтыр 960 миңге чукул жол эрежесин бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы бакшармалыгында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Азамат Исраиловдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.


-Мас абалында унаа башкарган 12 640 айдоочу аныкталган;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 3059 айдоочу аныкталган;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 164 848 айдоочу аныкталган;
-Автоээнбаштык кылган 358 айдоочу аныкталган;
-Тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 10 895 айдоочу аныкталган.

