ЖКККББ: Бир жумада 500гө жакын мас айдоочу кармалды

 ЖКККББ: Бир жумада 500гө жакын мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан 2023-жылдын 27-ноябрынан тартып, 3-декабрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 20 762 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-386;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -494;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-63;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 136;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2 964;

-Авто ээнбаштык – 12;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 980;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 723;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1863 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост