ЖКККББ: “Авто ураган” рейд жүрүүдө. Жалал-Абад шаарында 75 автоунаа айып короого киргизилди
![ЖКККББ: “Авто ураган” рейд жүрүүдө. Жалал-Абад шаарында 75 автоунаа айып короого киргизилди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/08/369711139_679678190847852_8648488918111527437_n-850x560.jpg)
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жалал-Абад шаарында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында “Авто ураган” аппараттык комплекси менен рейддик иш-чара өткөрүп, эки күн ичинде 119 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.
Алар:
-Айдоочулук наамынан убактылуу токтотулгандар 46 авто унаа;
-Айып пулун өз убагында төлөбөй сотко жөнөтүлгөн 8 айдоочу;
-Тийиштүү докумменттери жок 9 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 12 айдоочу;
-Карама-каршы тилкеге чыгып айдаган 7 айдоочу;
-Ылдамдыкты ашырып айдагандар 5;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 32 айдоочу.
Жалпы 75 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата рейддик иш-чара Ош шаарында да уланат.