ЖКККББ: Аппараттык онлайн кеңешмеде 5 айдын жыйынтыгы каралды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы башкы башкармалыктын орун басарлары, бөлүм башчылары жана жер-жерлердеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн катышуусунда 5 айдын ишмердүүлүгүн кароо боюнча аппараттык онлай кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Анда, күн тартибине негизги маселе катары жыл башынан тартып, катталган жол унаа кырсыктары анын ичинен өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктары жана анын алдын алуу багытындагы профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча талкуулар орун алды.
Башкы башкармалыктын орун басарларынын өз сөзүндө 2023-жылдын 8-мартынан тартып күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, айдоочулар тарабынан жол эрежелеринин бузуу фактылары азайганы менен, жол унаа кырсыктары дагы эле болсо күн тартибинде курч маселе боюнча калууда. Айрыкча өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында иштер тийиштүү деңгээлде аткарылбай жаткандаган эскертип, бул багытта жер-жерлердеги жетекчилер жана үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштар айтылды.
Кеңешменин соңунда, башкы башкармалык тарабынан жер-жерлердеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнө жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында коопту аймактарды талдап чыгуу менен, тийиштүү деңгээлде рейддик иш-чараларды уюштуруу. Туристтик мезгил учурунда, Чүй жана Ысык-Көл аймактарына коопсуздук чараларын күчөтүү. Жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында профилактикалык жана пропагандалык иш-чараларды күчөтүү багытында тапшырмалар коюлду.