ЖКККББ: 29-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат
![ЖКККББ: 29-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/08/1401d0b1-2710-4dd4-b632-e57935bf15b6-850x560.jpg)
29-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Барселона стадионунун курулушуна багытталган иш-чарага байланыштуу Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү Ош-Бишкек унаа жолунун айланма жолунан тартып, Барпы Сейил көчөсүнө чейинки бөлүгү эртемененки саат 07:00 дөн тартып, 12:00гө чейин толугу менен жабылат.
Андыктан ЖКККББ Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана конокторун туура түшүнүү менен кабыл алып, Ленин көчөсүнүн жээктерине авто унаа каражаттарын токтотпоону өтүнөт.