ЖКККББ: Өздүк курамга окутуу-үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери атайын түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө өздүк курамдын билим деңгээлин жогорулатуу максатында жол тыгындарын жөнгө салуу жана укуктук ченемдик актыларды жеткирүү багытында даярдык сабактарын өткөрүүнү улантууда. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда кызматкерлердин кийген формасынан тартып, сапта туруу жана саптан чыгуу эрежелерин, кызматта колдонулуучу каражаттарын, кесиптик деңгээлин, ошондой эле шаар жана эл аралык жолдордо жол тыгындарын жөнгө салуу багытында практикалык сабактар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кызматкерлерге жол эрежелерин эскертүү иретинде атайын компьютердик тесттен өткөрүүдө.

Связанный пост