ЖКККББ:  Өлкө  аймагында “Рульда”  аталышында рейд өткөрүлүп, 251  мас айдоочу аныкталды

 ЖКККББ:  Өлкө  аймагында “Рульда”  аталышында рейд өткөрүлүп, 251  мас айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында  13-июндан тартып, 19-июнга чейин өлкө аймагында рейддик  иш-чара өткөрүп,  бир жума ичинде 22 240 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз  кызматы маалымдады.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаргандар 251 айдоочу;
-Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдагандар 3529 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 65 айдоочу;
-Мамлекеттик номуру жок унаа айдагандар 37 айдоочу;
-Тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар 209 айдочу;
-Кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбей кармалгандар 20 айдоочу;
-Коопсуздук курун тагынбагандар 4216 айдоочу;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 13 913 айдоочу;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 1537  авто унаа убактылуу токтотуучу  айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да  күчөтөт.

Связанный пост