ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 369 мас айдоочу кармалды

 ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 369 мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 24-февралдан тартып, 2-мартка чейин, алдын ала маалымат боюнча 23 525 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-720;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -369;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-110;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-413;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3493;
-Авто ээнбаштык -19;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4225;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 298;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2901 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост