ЖК төрагасы: Бардык мыйзам долбоорлору алгач мамлекеттик тилде жазылышы керек
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлору биринчи мамлекеттик тилде жазылышы керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Бардык мыйзам долбоорлоруна талап бирдей. Ар бир мыйзам долбоору биринчи кезекте мамлекеттик тилде – кыргызча жазылышы керек. Андан кийин расмий тилге которулушу кажет. Ушуну эске алгыла”, – деген төрага аталган маселеге тыкыр көңүл буруу керектигин катуу эскертти.