ЖК төрагасы Ала-Букадагы авариялык абалдагы медициналык жайлар менен таанышты

 ЖК төрагасы Ала-Букадагы авариялык абалдагы медициналык жайлар менен таанышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышты.

Ошондой эле төрага Ала-Бука райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун лабораториясынын абалын да көрүп чыкты.

Эки имарат тең 1950-жылдары курулуп, азыркы тапта авариялык абалда. Имараттардын эскилиги жетип, медициналык жайлардын шарт-жагдайы да талапка жооп бербейт.

Нурланбек Тургунбек уулу дарыгерлер менен баарлашып жатып, республикада аткарылып жаткан иштер, анын ичинен саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу учкай кеп кылды.

“Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деген Төрага медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелерин жаңыртуу иши да унутта калбай тургандыгын айткан Нурланбек Тургунбек уулу өзү көрүп чыккан медициналык жайлардын абалы өтө начар экенин билдирип, коштоп жүргөн тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы имараттарды куруу тапшырмасын койду.

“Азыр мамлекеттин казынасы кенен. Былтыр экономиканын өсүшү 9% болсо, быйылкы беш айдын көрсөткүчү 13%ды түзүүдө. Туура экономикалык саясаттын, ошондой эле көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жаатындагы аракеттердин аркасында өлкөбүз дагы өнүгүп, республикалык бюджеттин эсебинен авариялык абалдагы ушундай социалдык мекемелерди толугу менен жаңырта алабыз”, – деди төрага.

Связанный пост