Жети-Өгүздө суткасына 700 литр шире өндүрүлүүдө

 Жети-Өгүздө суткасына 700 литр шире өндүрүлүүдө

Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында жер-жемиштерден сапаттуу, кошумча заттарсыз, түз сыгылып алынган ширелер өндүрүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, шире өндүрүү ишин “Тосор Органик” айыл-чарба товардык-сервистик кооперативи колго алган.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 700 литрге чейин шире чыгарууга мүмкүндүк берет.

Ишканадан төмөндөгүдөй төрт түрлүү шире чыгарылат:

  • алма ширеси;
  • алмурут ширеси;
  • өрүк ширеси;
  • аралаш мультифрукт ширеси.

Өндүрүштө жергиликтүү дыйкандардан алынган таза жана экологиялык мөмө-жемиштер пайдаланылат. Продукция консерванттарсыз жана химиялык кошумчаларсыз чыгарылып, ар кандай көлөмдөгү таңгактарда сатыкка чыгарылат.

Азыркы учурда кооператив өз продукциясын өлкөнүн ички рыногуна сунуштап, жергиликтүү керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ден соолукка пайдалуу продукция менен камсыздап келет.

Связанный пост