Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында 18 миң тургун таза суу менен камсыздалды

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 18 миңге жакын тургун, же 4 миңден ашык кожолук таза ичүүчү суу менен камсыз болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Долбоор заманбап, коопсуз жана санитардык талаптарга жооп берген, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаша алган туруктуу суу менен камсыздоо системасын түзүүгө багытталган.

Аталган долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен министрлер кабинети, Айыл чарба министрлиги жана Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызууну өнүктүрүү департаментинин кызматташтыгы аркылуу ишке ашырылды.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана башкалар катышты.

Связанный пост