Жети-Өгүз районун 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Жети-Өгүз районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалына талдоо жүргүзүүгө жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоонун алкагында анын 2030-жылга чейинки өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого арналган кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Жети-Өгүз районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөтүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүдөгү, анын ичинде ИДПнын реалдуу өсүүсүнүн жылдык орточо темпин 8 %дан кем эмес деңгээлде камсыз кылуудагы өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.
«Жети-Өгүз районунун ири мүмкүнчүлүктөрү бар, айрыкча кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы, айыл чарбасы жана туризм тармактарында. Улуттук программанын алкагында биздин максат – Жети-Өгүз районунун мүмкүнчүлүктөрүн конкреттүү, өлчөнүүчү натыйжалар аркылуу ишке ашыруу: инфраструктурада, калктын жашоо сапатында жана туруктуу экономикалык өнүгүүдө», – деп белгиледи ал.
Жыйындын жыйынтыгында Жети-Өгүз районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына төмөнкү тапшырмалар берилди:
− Улуттук программада баяндалган өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана өнүгүү векторлоруна ылайык инвестициялык долбоорлорду эске алуу менен 2030-жылга чейин районду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу (айыл чарбасы, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана аймактык хаб);
− Райондун экономикасына инвестицияларды (мамлекеттик да, жеке да) тартуу боюнча ишти күчөтүү.