Жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери айланма кароо аттракционуна парашют менен илинип калган эс алуучуга жардам беришти
14 – июль күнү Каракол шаарынан келген 31 жаштагы эс алуучу оор кырдаалга кабылган. Бостери айылынын жээгинде жайгашкан айланма кароо аттракционуна, моторлуу кайыкка байланган аба парашюту менен сейилдеп бара жатып, илинип калган.
Муну көргөн, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери дароо аттракциондун ишин токтотушуп, андан кийин жергиликтүү тургундарга парашют менен илинип калган эс алуучуну аттракциондон алып түшүүгө жардам беришти.
Келген медиктер эс алуучуну карап чыгышты. Бактыга жараша, анын ден соолугуна эч кандай зыян келтирилген эмес. Бул факт Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көрсөтмөсү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте эс алуучуларга суудагы аттракциондорду көрсөткөн субъектилердин суу катерлеринин кеме билеттери бар, же жоктугун, ошондой эле алар тараптан коопсуздук техникасынын сакталышы кандай денгээлде камсыздандырылганы боюнча текшерүүнү баштады.